Батыш жарым шар — Гринвич меридианынын батышында жана 180-меридиандын чыгышында жайгашкан Жердин жарым шары.
Батыш жарым шардын меридиандары батыш узундугу деп белгиленет. Батыш жарым шарга Европадагы Гринвич меридианынын батыш тарабында жайгашкан бөлүктөрү (Исландия, Ирландия, Португалия, Испаниянын көпчүлүк бөлүгү, Франциянын бир бөлүгү), Африканын, Антарктиданын, Азиядагы Чукча жарым аралынын кээ бир бөлүгү, Атлантика океаны, Америка жана Тынч океанынын көпчүлүк бөлүгү кирет.
Саясий мааниде "Батыш жарым шар" деген сөз айкалышы, дүйнөнүн бир бөлүгү болгон Американын синоними катары колдонулат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Батыш жарым шар, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.