Банги ― Борбордук Африка Республикасынын борбор шаары.
Өзүнчө административдик бирдикти түзөт. Калкы 542,4 миң (2005); Борбордук Африка Республикасынын шаар калкынын 40% жашайт. Өлкөнүн түштүгүндө, Убанги дарыясынын оң жээгинде жайгашкан. Жолдор тоому. Эларалык аэропорту бар. Дарыя порту (Борбордук Африка Республикасынын сырткы соодасын жана бир аз Чад Республикасын тейлейт). 1989-ж. Франция форту катары негизделген. 1914-58-ж. Франциянын колониясы Убанги Шаринин административдик борбору. 1958-жылдан Автономиялык Республика (Франция коомунун курамында), 1960-жылдан көз каранды эмес мамлекеттин борбору. Борбордук бөлүгүндө өкмөттүн жана администрация, соода мекемелери, батышында соода кварталдары, түштүгүндө өнөр жай аймактары жайгашкан. Мурдагы Франция фортунун калдыктары, Кудай Эне собору (19-кылымдын аягы 20-кылымдын башы) сакталган. Улуттук край таануу (1964), өлкөнүн өткөндөгү тарыхы, эстелиги, турмуш-тиричилик буюмдары, музыкалык аспаптар музейлери, Улуттук искусство жана кол өнөрчүлүк борбору (1975), университет (1969), 6 институт (анын ичинде политехникалык, айыл чарба), илим-изилдөө борборлору (пастер атн, 1961, ж. б.) иштейт. Тамак-аш, жыгаччылык, жеңил (анын ичинде кебез-кездеме комбинаты), металл иштетүү, тамеки, самын кайнатуу өнөржайлары бар. Мотоцикл жана велосипед чогултулат.
Банги | |
---|---|
шаар | |
Банги | |
Бангинин четиндеги Убанги суусу | |
Өлкө | Борбордук Африка Республикасы |
Area | |
• Total | 26 sq mi (67 km2) |
Population (2003) | |
• Total | 531 763 |
Time zone | GMT |
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Банги, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.