Бальфур декларациясы (1917) - Улуу Британиянын тышкы иштер министри Ж.
Бальфурдун ысмынан аталган. Анда Улуу Британиянын өкмөтү Палестинада «еврей элинин улуттук очогун» түзүүгө жардам берүүгө даяр экендигин билдирген. Кийин бул декларация Франция жана АКШ тарабынаи таанылып, Севр тынчтык келишиминин шарттарына киргизилген. Бириичи дүйнөлүк согуштун жыйынтыгында Палестинаны башкарууга мандат алуу менен Британия Бальфур декларациясын ишке ашырууга жана Палестинага башка өлкөлөрдөн еврей калкынын келүүсүн колдоого аракеттенген. Бул аракет Палестина аймагында Израиль мамлекетинин түзүлүшү (1948) менен аяктады. Бирок бул декларация палестиналык арабдардын нааразылыгын пайда кылып, еврейлер менен арабдардын ортосунда кагьшышууларга алып келген жана бүгүнкү күнгө чейин чечилбей келаткан араб-израиль чыр-чатактарына негиз салган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Бальфур декларациясы (1917), which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.