Балыкчы акиташ теги кени Нарын облусунун Кочкор районунда.
Эки участкага бөлүнүп, биринчиси Кочкор кыштагынан 10 км түндүк-чыгышта, экинчиси андан 5 км түндүктө, Кулаганташ бөксө тоосунда, Балыкчы-Кочкор жолунун боюнда. 1955-ж. геол. чалгындоо жумуштары жүргүзүлгөн. Биринчи участкадагы акиташ теги майда бүртүкчөлүү, мраморлошкон. Өңү боз, бозомук, саргыч боз, темгилдүү. Арасында темир кычкылы болгондуктан кызгылтым тактар кездешет. Акиташ тегин майда интрузиялар жиреп чыгып, тектоникалык жаракалар менен тилмеленген. Узундугу 900 м, калыңдыгы 40–50 м. Кендин химиялык курамы өзгөрүлмөлүү: СаО – 54,81–26,25%, МgО–8,62%ке чейин. Экинчи участкадагы акиташ катмарынын калыңдыгы 20–50 м, узундугу 1 кмге чейин. Мраморлошкон, өңү ак, бозомтук, темгилдүү, Химиялык курамы туруктуу: СаО 48,58%, МgО-3,02%. Акиташ алууга болот. Баланстык запасы С1 категориясы боюнча 320,3 миң т.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Балыкчы акиташ теги кени, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.