Байтик чопо кени - Чүй облусунун Сокулук районунда, Орок кыштагынан 500 м түштук-чыгышта.
Бозбөлтөк дөңсөөсүнүн түштук-батыш капталында. 1954-ж. геологиялык чалгындоо жумуштары жүргүзүлүп, запасы эсептелген. Кендин аймагын антропоген мезгилинин борпоң чөкмө тектери түзөт. Чопо катмары делювий чөгүндүлөрүнөн пайда болгон дөңсөөдө жайгашып, лёсс сымал күлботодон турат. Боз, саргыч боз түстө. Тыгыз, чанда бирин-серин шагыш бүртүкчөлөрү, гипс линзалары кездешет. Калыңдыгы 0,8 21,0 м. Гранулометриялык курамы: 0,005 мм 9,6%; 0,005 0,01 мм 41,5%; 0,01 0,25 мм 42,7%; 0,25 мм 2,05%; 0,5 1,0 мм 1,2%; 1,2 мм 3,0%. Чоподон «75» ж-а «100» маркасындагы кирпич жасалат. Запасы А+В+Ц категориялары боюча 5607 миң м3 Казылып алынууда.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Байтик чопо кени, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.