Байдулу темир кени — Нарын районунда, Нарын шаарынан 65 км түндүк тарапта, Байдулу тоосунун түштүк капталында, деңиз деңгээлинен 3600–3900 м бийиктикте.
1931-ж. табылып, 1950-ж. геол. чалгындоо жумуштары жүргүзүлгөн. Кен аймагынын геологиясын палеозойдун чөкмө тектери жана татаал түзүлүштөгү габбро, перидотит дайкалары түзөт. Руда тулкусу тектоникалык жаракалар менен тилмеленген дайкалар жана акиташ тегинин кошулган жериндеги карбонат-серпентиндүү брекчияда топтолгон. Кен тилкесинин узундугу 12 кмге чейин. Негизги минералдары: магнетит жана гематит, аз санда пирит, халькопирит, борнит кездешет. Темирдин кондициялык өлчөмү 30,48–53,48%. Запасы 210,7 млн m.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Байдулу темир кени, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.