Оюнчулардын саны 2—5 киши.
Оюн талаада, ипподромдо өткөрүлөт.
Оюнга даярдануу.
Оюнчулар аттарына минишип турушкандан кийин, ат секиртип кетчү жерди тандашып, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.
Оюндун баяны. Оюнчулар кезектери менен аттарын бир аз күүлөнтүшүп чабышып келишкенден кийин белгиленген аңдан секиртип өтүүгө аракеттенишет. Оюн, оюнчулар каалашкан убакытка чейин уланышы мүмкүн. Андан аттарын секиртип өткөн оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.
Оюндун башка түрлөрү. Эшек секиртмей, топоз секиртмей, качыр секиртмей, өгүз секиртмей, төө секиртмей.
Оюндун эрежеси. Бир убакытта бирден ашык оюнчулар аттарын секиртүүгө, бир бирине тоскоолдук кылууга, оюндун кезегин жана шартын бузууга болбойт,
Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда шамдагайлык тарбияланат, чечкиндүүлүккө, аттарды башкарууга, тең салмакты сактоого. үйрөтөт. Оюндун алдында атка ээр токулат. Ээрдин бекем токулушуна коз салуу керек.
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. |
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Ат секиртмей, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.