Вивальди Антонио - (4.3.1678, Венеция 27 же 28.7.1741, Вена) италиялык композитор, скрипач, дирижёр жана педагог.
Жаштайынан скрипкада мыкты ойноп таанылган. 1703-жылдан педагог, кийин оркестр дирижёру жана концерттердин директору, 1713-жылдан «Пиета» аялдар консерваториясынын директору болгон. Вивальди өз операларын коюу аркылуу Венеция театр турмушунун гүлдөп-өсүүсүнө көп күч-кубатын сарптаган. 1718-22-ж. Мантуядагы ак сарайда кызмат өтөгөн, калган өмүрүн Италияда, башка Европа өлкөлөрүндө концерт берүү менен өткөргөн. Вивальдинин чыгармачылык мурасы бай: 465 аспаптык концерт, ораторияларды, кантаталарды, 40тан ашуун опера жазган. Ал И. C. Бахтын чыгармачылыгына да таасирин тийгизген. Скрипкада ойноо техникасын болуп көрбөгөндөй өнүктүргөн. Аны программалуу симфониянын атасы деп аташкан: белгилүү «Жыл мезгилдери» циклдеринен тышкары «Эңсөө», «Деңиздеги бороон», «Түн», «Фаворит» ж. б. концерттерди жазган. Италиянын Сиена шаарында Антонио Вивальди институту иштейт.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Антонио Вивальди, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.