Алёхин Александр Александрович (19 (31).
10. 1892, Москва - 24.3.1946, Эшторил, Португалия) - шахмат тарыхында дүйнөнүн 4-чемпиону (1927-35, 1937-46), шахмат теоретиги жана адабиятчы. Санкт-Петербургдагы императордук укуктаануу окуу жайын бүтүргөн (1914). Укук боюнча доктор (1925). Шахмат ойноону 6 жашынан баштап, 16 жашында М.И. Чигоринди эскерүүгө арналган Бүткүл россиялык шахмат сүйүүчүлөрдүн мелдешинде (Санкт-Петербург) жеңишке ээ болгон. 1920-ж. Россиянын шахмат боюнча 1-чемпионатынын жеңүүчүсү. 1921-ж. Францияга эмиграцияга кеткен. Көптөгөн Эл аралык мелдештердин (Будапешт жана Гаагада, 1921, Карлсбада, 1923 ж. б.) жеңүүчүсү. 1925-ж. көрбөй ойноо боюнча (Париж) бир убакта 27 тактайда ойноп (22 утуш, 3 утулуш, 2 тең чыгуу) дүйнөлүк рекорд койгон. 1927-ж. Буэнос-Айресте өткөн дүйнөлүк биринчиликте X. Р. Капабланканы эки жолу (1929, 1934), Е. А. Боголюбовду жеңген. Алёхин алп шахматисттердин ичинен дүйнөлүк чемпиондуктан жеңилбей өткөн улуу оюнчу. «Алехин коргонуусу» ыкмасын иштеп чыгып, шахмат дүйнөсүнө калтырган. Шахмат оюну боюнча бир нече китептердин автору.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Алёхин Александр Александрович, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.