Алма-Була кени — Ош областынын Чаткал районундагы молибден жана сурьма рудасы чыккан жер.
Параметр text не задан |
Терек-Сай кыштагынан туштук-чыгыш тарапта, Чаткал кырка тоосунун туштук капталында. Кен 1950-ж. табылып, геологиялык маалымат берилген. Кен аймагын палеозойдун башталышында пайда болгон слюда-кварцтуу сланец жана аны жиреп чыккан аплит түспөлдүү плагиогранит тектери түзөт. Булар тектон жаракалар менен тилмеленген. Кен негизинен терең жаракалардын кесилишкен жеринде жайгашкан. Жараканы бойлой гидротермдин таасиринен өзгөрүп, кварцташкан, пириттешкен, чанда серпентин-дешкен тилкелер жатат. Жаракалардын кесилишиндеги молибден руда тарамдарынын калыңд. 0,6—0,8 м, уз. 15 жге чейин. Негизги минералдары: молибденит, антимонит, галенит, цинк, арсенопирит ж. б. Рудалар текстурасы боюнча сепкилдүү-чачыранды, брекчия сымал, темгилдњњ болуп бөлүнөт.
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. |
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Алма-Була кени, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.