Адыгэлер - эл, Адыгэ Республикасынын жергиликтүү калкы.
Орусиянын Краснодар крайында, ошондой эле Түркия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө да жашашат. Жалпы саны 128,5 миң адам, анын 108,1 миңи Адыгэде, 15,8 миңи Краснодар крайында (2002). Адыгэ тилинде сүйлөшөт. Адыгэлердин этностук негизин абадзех, бесленей, бжедуг, жаней, егерухай, мамхег, махошей, натухай, темиргой, хатукай, шапсуг, хакучтар түзөт. Дини мусулман-суннит. Скиф, сармат жана алан урууларынын аралашканына карабастан адыгэлер түндүк-батыш Кавказдын байыркы калкы бойдон кала берип, 13-14-кылымда алардын бир бөлүгү (кабардиндер) Терек дарыясынын алабына барып жайгашкан, ал эми Кара деңиздин жээгинде, Кубанда калгандары (черкестер деген ат менен белгилүү) азыркы адыгэлердин калыптанышына алып келген. Алар негизинен дыйканчылык, мал чарбачылык жана багбанчылык менен кесип кылышат. Эркектери бешмант, черкеска, шаровар, бурка, башлык, папах кийишип, белдерине кур курчанышкан, аялдары шаровар, узун көйнөк кийишкен. Тамак-ашы негизинен эт, сүт, дан азыктары.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Адыгэлер, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.