Шибоцюй Ачжан (Сылыфа Шибокүй Ачжан)– кыргыз каганы.
Кыргыздардын беги (мамл. министри) Ш.А. 648-ж. Тан (Кытай) мамлекетинин борбору. Чаньянда император Тайцзундун кабылдоосунда болгон. Бул элчилик Кытай (Тан) императорунун Кыргыз каганына 632-ж. жөнөткөн элчилигине жооп иретинде уюштурулган дипломатиялык миссия болгон. Кытай тараптан бул миссияны Ван И-Хун жетектеген. Элчилик деңгээлдеги мамлекеттер аралык алакалар 7–10-к. Тан династиясы кулаган мезгилге чейин улантылган. Бул алакалардын негизги максаты – Борбор Азиядагы Түрк, Уйгур кагандыктарынын согуштук-саясий абалдарынын күчөшүнө каршы биргелешип күрөшүү,Улуу Жибек жолуна көзөмөл орнотуу болгон.
Кыргыз тарыхынын энциклопедиясы Б,2003
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Шибокий Ачжан, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.