Чандалаш (Сандалаш) заказниги – Чаткал районунун аймагындагы аңчылык заказниги.
Чандалаш суусунун жогорку агымында. Аянты 35 миң га. Сейрек кездешүүчү айбанаттар мекендеген аймакты коргоо максатында 1975-ж. уюшулган. Заказниктин бийик тоолуу бөлүгүн, Пскем, Талас Алатоосу ж-а Чандалаш кырка тоолорунун капталдарын аркар, тоо теке, илбирс, бүркүт, көк жору, ак кажыр, улар, Чандалаш суусунун өрөөнүн ж-а тоо этектерин доңуз, сүлөөсүн, аюу мекендейт. Чандалаш (Сандалаш) заказнигиндеги айбанаттар м-н куштардын 9 түрү Кырг-ндын Кызыл китебине катталган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Чандалаш (Сандалаш) заказниги, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.