Фазалык өтүү – кеңири мааниде алганда тышкы шарттар (температура, басым, магнит жана электр талаалары ж.
б.) өзгөргөндө заттын бир фазадан башка фазага өтүүсү; тар мааниде алганда тышкы параметрлер үзгүлтүксүз өзгөр-гөндө заттын физикалык касиеттеринин кескин өзгөрүшү.
Фазалык өтүү 1- жана 2-түрдөгү болуп бөлүнөт. 1- түрдөгү Фазалык өтүү ңдө тыгыздык компоненттеринин концентрациясы кескин түрдө өзгөрөт; бирдик масса белгилүү сандагы жылуулук санын бөлүп чыгарат же жутат. Бул жылуулук саны фазалык өтүүнүн жылуулугу деп аталат. 2-түрдөгү Фазалык өтүүдө жылуулук бөлүнүп чыкпайт жана жутулбайт, о. эле тыгыздык үзгүлтүксүз өзгөрөт.
1-түрдөгү Фазалык өтүү жаратылышта эң кеңири таралган кубулуш. Аларга: буу-лануу жана конденсация, эрүү жана кристаллдашуу ж. б. мисал боло алат.
2-түрдөгү Фазалык өтүүгө парамагнетиктин ферромагнетикке, парамагнетиктин антиферромагнетикке, пармагнетиктин сегнетоэлектрикке, металлдардын жана куймалардын нормалдык абалдан өтө жогорку өткөрүмдүүлүк абалга айланууларын келтирсек болот.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Фазалык өтүү, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.