Строганов окуу жайы – Москвадагы көркөм өндүрүш жана турмуштук кооз буюмдар көркөм искусствосунун бардык тармактары боюнча адис сүрөтчүлөрдү даярдоочу көркөм окуу жай.
Окуу жайды 1825-ж. С. П. Строганов негиздеген жана адегенде ал «Көркөм искусство жана кол өнөрчүлүккө карата сүрөт мектеби» деп аталган. Окуу жайдын ишмердигин жогорулаган XIX кылымдын акыры XX кылымдын башында 1902-ж. устав боюнча окуу жайда жалпы билим берүүчү 8 көркөм класс жана бир нече өнөрканалар (жасалга-живопистик, токуу, столярдык-эмерек чыгаруучу, металл куюу, скульптуралык, сокмо, эмаль, айнек иштетүү, сайма жана башкалар) болгон. Алар өз ичине көркөм-өндүрүш мектебин (биринчи беш классты) жана көркөм-өндүрүш окуу жайын (үч жогорку класстан турган) камтыган. 1918-ж. Строганов окуу жайы биринчи мамлекеттик эркин көркөм өнөрканалар болуп кайра түзүлгөн.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Строганов окуу жайы, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.