Саткын (англ. The Whistleblower, орус.
Режиссеру Лариса Кондраки. Башкы ролду Рэйчел Вайс аткарган. Кондраки менен Эйлис Кирван сценарийди небраскалык полиция кызматкери Кэтрин Болковачтын окуясынан эргүү алып жазышкан. Болкович Бириккен Улуттар Уюму тарабынан DynCorp International компаниясы аркылуу Босния жана Герцеговинага согуштан кийин 1999-жылы тынчтык орнотуучу катары тандалып алынат. Ал өлкөгө баргандан кийин сексуалдык кулчулукка көзү түшүп, ал иштерге болсо DynCorp компаниясынын кызматкерлеринин тиешеси бар экени тууралуу билип калат. Ага БУУнун Босния жана Герцеговинадагы абалды турукташтыруу боюнча күчтөрү да көз жумуп жүргөн болот. Болковач кулчулук орун алган жерди жабууга аракет кылгандан кийин өлкөдөн чыгарылып, жумуштан четтетилет. Ал окуяны Англиядагы "Би-Би-Сиге" айтып берип, DynCorp компаниясына каршы жумуштан айдаганы үчүн соттон жеңип алат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Саткын (тасма, 2010), which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.