Рыноктук экономика - даңазасы артып бараткан жаш рок-группа «И так далее» модадан чыккан эски ковбойдун өтүгүн кийип телевизиондук концертке чыгышкан.
Кийинки эле күнү бардык дүкөндөрдө «ИТДнын» кийген өтүгү керек деген талаптар толуп кеткен. Адегенде дүкөн ээлери муну тамаша катарында кабыл алышкан, бирок бир аздан кийин абалга түшүнүштү. Көпкө чейин мындай өтүктөр бардык дүкөндөрдө сатылып жатты.
Мындай окуялар салттык жана борборлошкон экономикалык системаларда болушу мүмкүн эмес эле. Салттуу экономикада акырындык менен көп жылдардын ичинде гана кийимдердин стилинде өзгөрүштөр болушу мүмкүн. Командалык экономикада чечим кабыл алгандар коомдук пикирдин азгырыгына кирип кетиши жана ушундай бут кийимдерди чыгарылышын пландаштырышы мүмкүн, бирок бул чечимди кабыл алуу же четке кагуу алардын гана көз карандылыгында болот. Рынок экономикасында эгерде сатып алуучу адам чын эле ушундай бут кийимдерди каалашса, анда алар дүкөндөргө чыгарылат.
Рынок экономикасы деп, биз көпчүлүк ар кыл сатып алуучулар жана сатуучулар кошулуп, эмне, кандай жана ким деген суроолорго жоопторду аныктаган чарба жүргүзүү системасын түшүнөбүз. Рынок экономикасын дагы бир нече маанилүү элементтер аныктайт. Анын бирөө жеке менчик.жана ошондой эле бул нерсени жакыпова элнура чечкен
Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Рыноктук экономика, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.