Күрөш - кыргыз элинин улуттук спорт оюну.
Күрөш байыртадан эле кыргыз элинин сүйүктүү оюндарынын бири. Күрөш оюнуна жаштар да, чоң кишилер да катышкан. Көбүнчө эл чогулткан той – тамашада, ар кандай жыйында балбан күрөштүрүшкөн. Күрөштө жеңген балбандарга байге берилген. Кыргыз эли эзелтеден эле балбандарды даңазалап, алардын атын муундан муунга өткөрүшкөн. Мисалы, азыр Каба уулу Кожомкулду Кыргызстанда жашагандар гана эмес, бүткүл өлкөбүздүн эли билет. Анын атын сыймыктануу менен аташып, кыргыз элинин спортунун сыймыгы катары баалашат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Мыкты макала, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.