Немет Дьюла (2.
11. 1890, Карцаг ш., азыркы ЯсНадькун-Сольнок – 17. 12. 1976, Будапешт) – түрколог-лингвист, Венгрия ИАнын анык мүчөсү (1935), Болгария ИАнын (1948), Германия ИАнын (1955) корреспондентмүчөсү, Будапешт университетинин профессор (1906–64). Негизги эмгектеринде түрк филологиясын, венгрлердин байыркы тарыхын, ошол эле 9-кылымдын аягына чейинки уруулук абалын жана алардын этногенезиндеги түрктөрдүн ролун изилдеген. Ошондой эле түрк урууларынын пайда болушу, орхон рун жазуу эстеликтерин чечмелеп окуу жанагунндардын кайсы тилде сүйлөгөнүн изилдеген эмгектери бар. Н. түрк грамматикасынын автору. Кошут атындагысыйлыктынлауреаты (1948), Хельсинкидеги финн-угор коомунун (1931) корреспондент-мүчөсү, Лондон Королдук Азия коомунун мүчөсү (1956) болгон.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Немет Дьюла, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.