Москва мамлекеттик университети (ММУ), толук аталышы ― М.В.
Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети (орус. Московский государственный университет имени М.В. Ломоносова, кыскасы МГУ) ― Орусиядагы эң эски жогорку окуу жайлардын бири (1755).
Мөскөө мамлекеттик университети падышалык Орусыяда 1755-жылы түзүлгөн.
1917 ― Москва мамлекеттик университети деп аталып калган.
1940 ― «М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети» аталышын алган.
ММУдан совет доорунда жана пост-советтик мезгилде жүздөгөн кыргызстандыктар таалим алып, кандидаттык жана доктордук диссертацияларын коргошкон.
Алардын арасында тарыхчылар Чынара Жакыпова, Нарынбек Алымкулов, жана башкалар бар.
Азыр да бул окуу жайда иштеп жаткан кыргызстандыктар бар.
Алардын арасында - мурдагы президент, академик Аскар Акаев.
Учурда ММУ - Орусиядагы эң мыкты (№ 1) университет.
ММУ жалпы КМШ аймагындагы мыкты университеттердин алдыңкы сабында турат.
Ал эми дүйнөдө ал алдыңкы 150 университеттердин бири.
2012-жылы ММУ дүйнөдөгү мыкты 100 университеттин катарына кирбей калды.
“Таймс” журналы түзгөн мыкты 100 университеттен Москва мамлекеттик университетинин 2012-жылы чыгып калуусун кыргыз илимпозу Алтай Бөрүбаев критерийдин кемчилигинен жана кандайдыр бир саясий оюндардан көрөт.
"Критерий бир жактуу каралган. Бул жерде да “саясат жыттанып” тургансыйт. Себеби былтыр 33-орунда турган Москва мамлекеттик университети быйыл 100 эң мыктынын тизмесине кирбей калуусу мүмкүн эмес. Бир жыл ичинде Ломоносов атындагы университетте илимий изилдөө төмөндөп кетти, же билим берүүнүн сапаты төмөндөп кетти дегендин өзү - абсурд".
Академик Бөрүбаевдин пикирине кыргыз парламентинин мүчөсү Равшан Жээнбеков кошулбайт:
“Рейтинг чыгарууда саясат бар” деген туура эмес көз караш. АКШнын университеттери теориялык жактан да, практикалык жактан да дүйнөдө эң мыкты. Муну ЖОЖдорго илим-билимдин сапаты жагынан баа берген журналдардын, илимий борборлордун изилдөөлөрү эмес, практика да көрсөтүүдө. Мисалы, Орусыянын ЖОЖдоруна дүйнө жаштары аз барышат да, Батыштын, өзгөчө, АКШнын ЖОЖдоруна көп барышат. Себеби аларда сапаттуу, дүйнөнүн бардык мамлекеттеринде конвертация болчу (таанылган) дипломдор берилет".
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Москва мамлекеттик университети, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.