Личинка – көпчүлүк омурткасыз жана айрым омурткалуу жаныбарлардын (балык, жерде-сууда жашоочулар) жеке өөрчүү стадиясы.
Алардын жумурткасында морфогенездин аягына чейин жетүүгө азык заттар жетишсиз болот. Личинка өз алдынча тиричилик өткөрүп, активдүү азыктанат, мезгили менен өсүп, өөрчүшүнө тоскоол болуучу катуу кутикула кабынан бошонуп (түлөп) турат. Личинкада жетилген организмде болбогон атайын органдары болот. Көпчүлүк жаныбарларда личинка стадиясы жана жетилген организми ар кандай шартта жашайт. Жерде-сууда жашоочулардын личинкасы – көнөк баш – сууда, чоңдору кургактыкта жашоого ыңгайланган. Деңизде өтө жай жылуучу же жылбай жашоочу жаныбарлардын (былпылдак, ичеги көңдөйлүүлөр, ийне терүүчүлөр жана башка) личинкасы эркин сүзүп жүрөт, ошондой эле алардын башка жерге таралышын да камсыз кылат. Личинканын жетилген жаныбарга айланышы метоморфоз жолу менен жүрөт. Метоморфоз учурунда айрым омурткасыздардын (ийне терилүүлөр, курт-кумурскалар) личинкасы олуттуу өзгөрүүгө дуушар болот. Мисалы, айрым курт-кумурскаларда Личинкадан кийинки куурчакча стадиясында личинкалык органдар бүт жоюлуп, жетилген организмдин органдары калыптанат. Активдүү личинка – стадиясынын узактыгы, мисалы, чымын жана көпөлөктөрдүкү 1 айга, ал эми май коңуздарыныкы 3–4 жылга созулат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Личинка, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.