Ички иштер министрлиги (иим) – өз ыйгарым укуктарынын чектеринде адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укук тартибин сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөлөрүндө мамлекеттик башкарууну ишке ашыруучу жана КР ички иштер органдарынын жана КР ИИМдин ички аскерлеринин иштеринин негизги багыттарын түздөн-түз жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин органы.
ИИМ курамына облустук, райондук, шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн башкы башкармалыктары, башкармалыктары жана бөлүмдөрү, темир жолдогу, аба транспортундагы бөлүмчөлөрү (линиялык бөлүмдөр жана бөлүмчөлөр), мамлекеттик автоинспекция, ички иштер органдарына жана ички аскерлерге жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн түзүлгөн ишканалар, мекемелер жана уюмдар кирген ички иштер органдарынын тармагын башкарат. Ички иштер органдары жана ички аскерлер ИИМ тутумун түзөт.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Кыргыз Республикасынын Ички Иштер Министрлиги, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.