Крутихин Юрий (1.
5. 1932-ж. т., Ульянов облусу, Веткайский району, Степное айылы) — спортчу (шахмат), Кыргызстандын шахмат боюнча көп жолку чемпиону. Кыргыз Мамлекеттик дене тарбия институтун (КМДТИ) бүтүргөн. 1951–56-жылдары армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1956–65-жылдары «Алга» спорт коомунун алдындагы дене тарбия жана спорт комитетинде улук машыктыргыч, 1971–73-жылдары Кыргыз айыл-чарба институнда (КАЧИ) дене тарбия кафедрасынын окутуучусу, шахмат боюнча улук машыктыргыч болуп иштеген. 1961-ж. шахмат боюнча СССРдин спорт чебери деген наамга Кыргызстандан биринчи татыктуу болгон. 1947–51-жылдары жаштар арасында, 1951–66-жылдары Кыргыз ССРинин чемпиону, СССРдин 3–5-спартакиадаларынын катышуучусу (1959, 1963, 1967), «Динамо» спорт коомунун чемпиону.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Крутихин Юрий, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.