Кайыпов Жолдубай (11.8.1946, Ат-Башы району, Жаңы-Күч айылы — 29.3.
1984. ошол эле жер) — обончу, аткаруучу, диктор. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1981).
Жолдубай Кайыпов | |
Жалпы маалымат | |
Төрөлгөндө берилген аты: | Жолдубай Кайыпов |
Туулган жылы: | 11-август 1946-жыл |
Туулган жери: | Жаңы-Күч айылы,Ат-Башы району, Кыргызстан |
Өлкө: | |
Каза болгон жылы: | 29-март 1984-жыл |
Ишмердүүлүгү: | обончу, аткаруучу, диктор |
Наамдары: | КРнын эмгек сиңирген артисти |
1963-ж. Ысык-Көл айыл чарба техникумун, 1974-ж. Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүткөн.
1963—67-ж. "Пограничник" колхозунда зоотехник, 1965— 73-ж. Опера жана балет театрында солист, 1973—84-ж. Кыргыз мамлекеттик телерадиокомитетинде диктор болуп иштеген.
1981-жылдан жогорку категориядагы диктор. Орто Азия жана Казакстан Республикаларынын ортосунда өткөрүлгөн "эң мыкты дикт" сынагынын жеңичүүсү. Көптөгөн теле берүүлөрдү, айрыкча "ыркесенин" ажарын ача алып барган. 70дей обондун автору. Ошону менен катар мыкты аткаруучу да болгон. Анын “Мекеним", “Атам менен энеме", "Кол үстүндө", "Жашчылык", "Алгачкы кадам", "Кел бийлейли, ырдайлы" жана башка ырлары элге кеңири белгилүү. "Ырлар" аттуу ыр-обондор жыйнагы жарыкка чыккан (1985). Жаңы-Күч айылындагы мектепке ысымы берилген.
Ырдайлы достор ырдайлы(жеткиликсиз шилтеме)
ӨЧПӨГӨН ЖЫЛДЫЗ ЖОЛДУБАЙ КАЙЫПОВ
КЫРГЫЗ ТЕЛЕЖЫЛДЫЗЫ ЖОЛДУБАЙ КАЙЫПОВ ТИРҮҮ БОЛСО АЛТЫМЫШКА ЧЫКМАК
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Жолдубай Кайыпов, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.