Дин.
Ислам илимпоздору динге: “Дин – акылга эгедер кишилерди өз ыктыяры менен эң туура жана жакшылыкка алып барчу Кудайдын буйругунан бүткөн мыйзам”,- деп аныктама беришет. Бул аныктамадан төмөнкү маанилерди түшүнүүгө болот: 1.Динди жараткан – Алла таала. Адамдар динди жарата албайт.
2.Дин акылдын ээсимин дегендерге тийиштүү. Акылы жайында болбогондор диний өкүмдөрдү аткарууга милдеттүү эмес.
3.Динге байланыштуу өкүмдөрдү Алла таала периштелери аркылуу пайгамбарларга билдирген. Пайгамбарлар Алла тааланын буйруктарын жана тыюуларын пенделерге жеткиришкен.
4.Диндин негизги максаты – адамдын эмне максатта жаратылганын жана аткара турган милдеттерин билдирип, инсандарды бул дүйнөдө жана о дүйнөдө бактылуу кылуу.
5.Адамдар эң туура жана мыкты нерселерге жетүү үчүн динди өз ыктыяры менен эч кандай зордук – зомбулуксуз кабылдашы керек. Анткени, “динде зордук болбойт”(Бакара сүрөсү, 256 – аят).
Маалымат булагы: Шоокум журналы.2009-ж.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Диндин аныктамасы, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.