Арамей тили - семит тилдеринин тобуна кирген тилдердин бири.
Бул тилдеги байыркы жазма эстеликтер биздин заманга чейинки 9-10-кылымдарга таандык. Байыркы мекени - Сирия жана Месопотамиядан Жакынкы Чыгышка таралып, ал жердеги финикия, еврей, моавит, аккад тилдерин сүрүп чыгарган. Арамей тилиндеги адабияттын дээрлик көпчүлүгү диний мазмунда (мисалы, Библия жана Талмуддун айрым бөлүмдөрү) болгон. Арамей тили арабдар басып алгандан кийин колдонулбай калган. Ал азыр батыш (малула), борбордук (турайо) жана чыгыш (ассирия) диалектилерине бөлүнөт.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Арамей тили, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.