Аздар, азбудун — орто кылымдагы жазма булактарда, рун жазууларында кездешкен калктын аты.
Жазма булактарда түргөштөр: тухси жана аз деп экиге бөлүнгөн. Тон-Йукукка арналган жазууда Көгмөн тоосун ашып, кыргыздарды чабаарда, өздөрү мурда багындырган талаа тилкеден келген аз уруусунун бир адамын жол көрсөткүч катары алышат. Тексттин кийинки саптарына карап болжогондо, жергиликтүү жол көрсөткүч жолдон адашканы үчүн сайып өлтүрүлгөн. Л. П. Потаповдун пикири боюнча Аздар мурун Туванын батышында жашап, 716-ж. Чыгыш Түрк кагандыгы тарабынан талкаланган соң, басымдуу бөлүгү түштүк-батышка ооп, Жети-Суудагы түргөштөргө кошулган. Калгандары Саян-Алтай элинин ичинде өзүнчө топту түзүп калышкан. Күлтегинге арналган жазууда аз уруусу кыргыз элин курап келдик «аз кыркыз будуныг йарат келтимиз...» деп Барсбектин эли аталат. В. Я. Бутанаев Енисейдеги Кыргыз мамлекетинин башкаруучу уруусу аздар аталган деп болжойт.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Аздар, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.