.Au

.au — Австралия үчүн жогорку деңгээлдеги улуттук домен.

.au
.au_Domain_Administration.svg
Киргизилген жылы

1986-жыл

Домендин тиби

жогорку деңгээлдеги улуттук домен

Макамы

иш үстүндө

Каттоочу уюм

көп

Уюштуруучу

.au Domain Administration

Багыты

Австралия менен байланышкан объектер

Колдонулушу

Австралияда колдонулат

Каттоодо болгон жолтоолор

Австралияда жайгашкан уюмдар жана мекемелер өзүнө гана каттай алышат

Маңызы

Экинчи жана үчүнчү деңгээлдеги домендерди каттоого болот

Документтер

IANA report on redelegation; ICANN registry agreement

Карама-каршылыктарды чечүү

.au Dispute Resolution Policy (auDRP), Complaints (Registrant Eligibility) Policy

Веб-сайт

auDA; AusRegistry

.Au
Жогорку деңгээлдеги улуттук домендердин картасы

Каттоо

Учурда сайттарды түз .au доменинде каттоого тыюу салынган. .au доменинин учурдагы эрежелери, сайттардын категорияларына карап экинчи деңгээлдеги домендерде каттоого талап кылат.

Экинчи деңгээлдеги домендер

  • .com.au — коммерциялык мекемелер үчүн;
  • .net.au — коммерциялык мекемелер үчүн (башында провайдерлер үчүн, бирок кийинчерээк колдону чөйрөсү кеңейтилген);
  • .org.au — ассоцация жана коммерциялык эмес уюмдар үчүн (башында, башка критерийлерге жооп бербеген уюмдар үчүн);
  • .edu.au — билим берүү мекемелери үчүн;
  • .gov.au — өкмөт жана анын институттары үчүн;
  • .csiro.au — Шериктеш өлкөлөрдүн илимий-өндүрүштүк изилдөө уюмдары үчүн;
  • .asn.au — ассоцация жана коммерциялык эмес уюмдар үчүн;
  • .id.au — жеке адамдар үчүн.

Үчүнчү деңгээлдеги домендер

Колдонулуп жаткан .gov.au жана .edu.au домендери кеңири категорияларга бөлүнөт. Штаттардын өкмөттөрү жана мектептер жайгашкан жерин чагылдырган домендик аталыштарды колдонушат. Бул үчүнчү деңгээлдеги домендер мамлекеттен көз карандысыз жана штаттар тарабынан башкарылат:

Тарых

Бир нече экинчи деңгээлдеги домендер колдонулбай калды. Бул домендер каттоону токтоткону менен, аларда алар токтотулганга чейин түзүлгөн кээ бир сайттар бар:

  • .archie.au — 1990-жылдары Archie ftp архивдеринин хосту. 1. Кийинчерээк иштен чыгарылып салынды;
  • .conf.au — конференциялар жана башка кыска мөөнөттүү окуялар үчүн, учурда linux.conf.au гана бар;
  • .gw.au — AARNet жабдууларын тейлөө үчүн. Кийинчерээк иштен чыгарылып салынды;
  • .info.au — ар түрдүү маалыматтар үчүн;
  • .otc.au — X.400 даректери үчүн картографиялык домен. Кийинчерээк иштен чыгарылып салынды;
  • .oz.au — австралиялык сайттар үчүн тарыхый домен. .oz башында Австралия үчүн жогорку деңгээлдеги улуттук домен болгон, бирок кийинчерээк .au га алмаштырылып, .oz зонасында бардык домендер .oz.au доменине өзгөртүлгон;
  • .telememo.au — X.400 даректери үчүн картографиялык домен. Кийинчерээк иштен чыгарылып салынды.

Булактар

Tags:

.Au Каттоо.Au Тарых.Au Булактар.AuАвстралия

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Географиялык кабыкЭпосЖыл сүрүү жадыбалыМаданиятНоорузСаспаев АманЭлектр чыңалуусуМанастын күмбөзүМугалимдин компетенттүүлүгү деген эмне?Кыргызстан тоолоруВитамин жетишсиздигиЖакшылыков АсанСуу ЧечекКурманбек эпосуГапаров МурзаТамак сиңирүү системасыТүштүк АмерикаКыргыз Республикасынын Куралдуу КүчтөрүКөлөмКазакстанЖандоочКалпакӨзгөн архитектуралык комплексиЫсык-Көл облусуБагынычтуу (багыныңкы байланыштагы) татаал сүйлөмСуюктук1916-жылдагы тарыхый трагедиянын кыргыз адамынын дүйнө таанымына, көз карашына тийгизген таасириӨзгөчө кырдаалОсмонкул БөлөбалаевОлжоУлуу БританияМолдо КылычКожомбердиев ТурарМейкиндикУлуу жибек жолуКислоталар жана негиздерИч өткөкБиринчи дүйнөлүк согушАбдыкерим СыдыковБөлүкчөТопуракДан өсүмдүктөрүМенингитСыдыков, ДөөлөтбекОрозбак уулу СагымбайЖарым өткөргүчСоң-КөлКыргыз Республикасынын президенттериРефлекстерАт жабдыктарыКараханийлер мамлекетиСулайман-ТооКомузКитептин тарыхыТаш-РабатАскар АкаевЭтиштин чактарыОмонимдерАксонометриялык проекцияларКыргыздардын тарыхыBooking.comjvrkkҮркүнКүн тутумуБелокБеларусьАмин кычкылдыктары (аминокислота)КлеткаАлаш (партия)Кокон көтөрүлүштөрүИшеним катБайыркы Египет маданиятыСоветбек БайгазиевЗат алмашууКутадгу билигКеп маданиятыАйтиев Гапар Айтиевич🡆 More