Хостинг (англ.
Хостингдер тиби |
---|
|
Адатта хостинг сайтты тейлөө пакетине кирет жана файл издөөлөрдү иштетүүгө керектүү программалык камсыздоосу бар (веб-сервер) сайттын файлдарын серверге жайгаштыруунун минимум кызматын билдирет. Эреже катары, тейлөөгө почталык кат алмашуу үчүн орун, берилишсиз DNS, файл-серверден атайын бөлүнгөн файл сактоочу жай жана бул кызматтардын иштөөсүнө көзөмөл кылуу кирет.
Маалыматтар базасынын хостинги, файл жайгаштыруу, электрондук почта хостинги, DNS кызматы өзүнчө кызмат катары дагы, комплекстүү кызмат катары дагы көрсөтүлүшү мүмкүн.
Хостинг тандоо критерийлеринин бири колдонулган операциондук систем болуп саналат. Анткени, тигил же бул кызматтардын иштөөсүн колдогон программалык камсыздоо ушундан көз каранды. Хостингди сыпаттоонун маанилүү өңүтү тигил же бул кызматтардын жана мүмкүндүктөрдүн бардыгы болуп саналат.
Ошондой эле мүмкүнчүлүктөрдүн ар бири үчүн орнотулган модулдар жана фреймворктор.
Хостингди кызмат катары сандык чектөөлөрүнө карап салыштырышат, сыпатташат жана баалашат:
Сапаттык чектөөлөр:
Кээ бир акы алуучу хостинг компаниялар кызматтарын белгилүү мөөнөт ичинде акысыз сынап көрүүнү сунушташат. Мөөнөт бүткөндө колдонуучу бул хостинг компания өзүнө туура келеби жана узак мөөнөткө акы төлөө туура болобу чечиши керек. Адатта мындай сыноолор тесттик эсептердин чайкоочулугунан оолак болуу максатында экинчи деңгээлдеги домендердин ээлерине гана берилет.
Акы алуучу хостерлерден тышкары акысыз хостинг-компаниялар да бар. Булар сыпатталган веб-технологияларды колдошот. Ошентсе да, алар кээ бир мамлекеттерде жайылбагандыктан, адамдар төлөмдүү хостинг кызматтарды пайдаланышат.
Хостинг акы төлөнүүчү жана акысыз болот.
Алар төмөнкүдөй түрлөргө да бөлүнөт:
Сайттардын виртуалдык хостингинин кемчиликтери түздөн-түз технологиянын өзгөчөлүктөрүнөн келип чыгат — бир нече ресурстардын жалпы, буга чейин конфигурацияланган серверде биргелешип жайгашуусу. Сервер мурунтан эле орнотулган жана конфигурациялангандыктан, сиз ал жерде өз программаңызды орното албайсыз, ал демейки боюнча хостинг провайдери тарабынан колдоого алынбайт. Бирок бул кемчилик ири долбоорлорго гана тиешелүү. Порталдардын жана визиттик карта сайттарынын басымдуу көпчүлүгү үчүн сервердик программалык камсыздоонун стандарттуу тизмеси жетиштүү. Сервер – бул алыстыктагы компьютер, чектелген физикалык ресурстарга ээ: процессордун кубаттуулугу, компьютердин оперативдүү эс тутуму. Алар жалпы хостингде жайгаштырылган бардык сайттар арасында бөлүштүрүлөт. Сейрек, бирок кээде бир сайт керектен көбүрөөк ресурстарды керектейт. Бул учурда, анын хостинг кошуналары RAM жана процессордун кубаттуулугунун жетишсиздигине дуушар болушу мүмкүн: алар жайыраак жүктөй башташат, кыйроолор башталат. Бирок, мындай көйгөйлөрдүн баары хостинг провайдери тарабынан ресурстарды бөлүштүрүү эрежелерин тактоо менен чечилет.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Хостинг, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.