Учкул Сөздөр

Учкул сөздөр Манас эпосунда — эпостун монументтүүлүгүн, көркөмдүк-эстетикалык баалуулугун, идеялык тереңдигин арттырып турган көркөм каражаттардын бири.

У. с. көркөм сөз каражаты катары эпостун Сагымбай Орозбаковдун варианты, Саякбай Каралаевдин варианты вариантында өзгөчө жыш орун алган. Эпикалык чыгарманын системасында У. с. түрдүү формалар, туюнтмалар аркылуу чагылдырылат: макал, ылакап, санат-насыят, кыска жана таамай сөз айкашы же сүйлөм түрүндө. У. с. барыдан мурда эпикалык каармандардын образын, мүнөзүн, жеке өзгөчөлүктөрүн таамай аныктап, элестүү баяндоого, туюнтууга белгилүү милдетти аткарган. Эпостогу У. с. өзүнүн идеялык-тематикалык багыты боюнча ар кыл жана образдык туюнтмалары да өз алдынчалуу. Мындай өзгөчөлүк айрыкча Сагымбай Орозбаковдун вариантына мүнөздүү. Мисалы, "дүйнө ээси бала экен, артында бала жок болсо, дүнүйөсү курусун, бузулуп калган калаа экен", "мөмөсүз жыгач отундур, туубай турган болгон соң, тумшугу жок катындыр" деген Жакып менен Чыйырдынын монологдорундагы ыр саптары баланын жана эненин адам турмушундагы ордун, бактысын, табиятын, мүнөзүн айкын туюндурган У. с. катары кабыл алууга болот. Ал эми Акбалтанын "жүгүргөн киши алабы, жүгүрбөгөн куру калабы? Булут минип учса да, буюрбаса калбайбы, буюрган киши албайбы, чапкандар куру калбайбы", "Тууганына сүйүнбөй, турарын тиле кудайдан", "Бала болсо шок болсун, шок болбосо жок болсун" өңдүү таамай туюнтмалар ошол каармандын мүнөзүндөгү даанышмандыкты, адамдык бийик сапатты таасын көрсөткөн.

Эпикалык башкы каарман Манастын монолог жана диалогдорунда кездешкен У. с. элдик идеалга шайкеш келип, кеңири планда колдонулат. "Дүнүйөм чачылат, тукумум кырылат" деп чочулаган атасы Жакыпка "кудай салган ажалдан, кутулган жүргөн экенсиң, куу дүйнөнүн түбүнө, куусаң кантип жетесиң" — деп, адам өмүрү бул жарыкчылыктан өтөрү мыйзам ченемдүү экендигин, көр оокаттын түбүнө эч ким жетпестигин, материалдык дөөлөт опа болбой турганын туюндурат. "Түбүндө бадыраң темир курч болбойт, ушу башка өскөн арам журт болбойт, курама темир курч болбойт, ушундай кутурган иттер журт болбойт". У. с-ундө Абыке, Көбөштөрдүн арамдыгы, мүнөз өзгөчөлүктөрү элестүү жана туура сыпатталып, образдарын бир топ таасын ачып берген. "Манас" эпосунда башкы каармандардын У. с-ү кеңири жана активдүү пайдаланылат. У. с-дө түрдүү курч салыштыруулар, ассоциациялар, образдык таасын туюнтмалар, ритмдик жана рифмалык жактан ырааттуулук, композициялык бекемдик, сөздөрдүн туруктуу айкаштары негизги элементтер катары жашагандыгын көрүүгө болот. Мисалы, Алмамбет тарынып кетип баратканда Акеркечтин ага кайрылуусунда адам тиричилигинде, туугандар ортосунда ыйкы-тыйкылыктар боло берерлиги, бирок түпкүлүгүндө бири бирине күйөрлүгү жөнүндө турмуштук нуска айтылса, ал эми экинчисинде бул жарыкчылыктын артыкчылыгын, кыялый ишенимдердин жараксыздыгын ачык жана элестүү баяндайт:

Аталуу-бала урушат,

Агалуу-ини жулушат,

Анткен менен кетеби,

Айланышып турушат.

Энчиге малын бөлүшөт,

Эки ага-ини өрүшөт,

Не түрлүү уруш болсо да

Эртеси өңүн көрүшөт,

Өлүп калса бир-бирин

Өкүрүп, ыйлап көмүшөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 265).

Эпостун "Манас" бөлүмүнүн поэтикасында дамамат жолукчу "өзөктөн чыккан өрт жаман, өздөн чыккан жат жаман", "элинен азган кор экен" деген сыяктуу У. с. макалдын жанрдык формасын сактап, элдик философияны, терең мазмунду туюндурат.

"Семетей" бөлүмүндө да У. с. өтө активдүү колдонулуп, тематикасы бай. Адатта У. с. акылмандыкты, даанышмандыкты жана сөзмөрлүктү көрсөткөн Каныкей, Бакай, Чыйырды, Күлчоро сыяктуу каармандардын речтеринде, монологдорунда кеңири пайдаланылат. Кан Манас өлгөндөн кийин Бакай "кан өлгөндө карыга, төөсү жакын болучу", "эсиңе ал балам укканды, эл дебе жолдон чыкканды" десе, ал эми Чыйырды Каныкейге "сынбасты уста жаратпайт, өлбөстү кудай жаратпайт" — деп, кеңеш берет.

"Семетейде" тарбиялык мааниси күчтүү, философиялык жалпылоого ээ У. с. арбын:

Атадан мурда аш ичкен,

Абийирдин баарын кошо ичкен,

Ошенткен бала болобу

Ошону бала деген оңобу,

                *  *  * 

Атан өлсө тайлак бар

Кому жерде калабы?

Атасы өлсө бала бар

Орду куру калабы?

Эр сактаган эр өлбөйт,

Элди баккан жер өлбөйт.

                *  *  * 

Бешиктеги баланын

Бек болорун ким билет?

Карындагы баланын

Кан болорун ким билет? ("Семетей") сыяктуу У. с-дө адам баласынын укум-тукуму үзүлбөй уланарлыгы, элдин өлбөстүгү, эрдин башкы сапаты карыларды сыйлоо, урматтоо өңдүү моралдык маселелердин көтөрүлгөндүгүн жана нускалуу формада чагылтылган. Ал эми бу дүйнөнүн оомалуу-төкмөлүүлүгү, өнөрдүн, акылдын маңызы соңку урпактардан чыга турганы, ынтымактын зарылдыгы, эл менен баатырдын байланышы, биримдиги жөнүндөгү "акыл жаштан, асыл таштан", "чатактын жайы кан чыгат, кагыштын жайы — жан чыгат", "кандай кыраан болсо да канаты менен учат го, куйругу менен конот го", "жаман тууган кагышат, жай билбестер чабышат" өңдүү У. с-дүн мазмунун түзөт. Бул сапаттар айрыкча "Сейтекке" мүнөздүү.

У. с. эпикалык чыгармадагы элдик идеалдын таасын берилишин, образдардын жугумдуулугун, поэтикалык речтин көркөмдүүлүгүн, экспрессивдүүлүгүн көтөрүү менен айтуучулардын жеке талант, өзгөчөлүктөрүн, чеберчиликтерин да аныктайт. Бул жагынан алып караганда Сагымбай Орозбаковдун вариантында жана Саякбай Каралаевдин варианты вариантында У. с-дүн кеңири жана ар түрдүү берилиши, молдугу таланттуу манасчылардын акындык өнөрүнүн кереметин айгинелейт.

Колдонулган адабияттар

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4

Tags:

ЖакыпКаралаев, СаякбайСагымбай Орозбак уулу (Орозбаков)

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Элементтер мезгилдик системасыМанас эпосу. Саякбай Каралаевдин вариантыМамлекеттик бюджетБиологияАракечтикАмир ТемирГенетикаИнтернетКудайлар тууралуу мифтерТактоочЖылдыздуу асманУран (планета)КазакстанПрозаТөл сөзЖеңиш чокусуМээШарСөзНарын мамлекеттик коругуПроекцияОчеркАйлана (математика)ФерментШүкүрбек БейшеналиевЫсык-Көл облусу«Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү»СинтаксисКырк чороТөрөтАтоочтук сүйлөмБиринчи мугалимИнтеграцияКыргыз улуттук опера жана балет театрыКыргызстандагы шамал режимиЖүрөкӨтмө мааниСак уруусуЭне-Сай кыргыз кагандыгыБизнес-планУлуттук тилЛазерӨмүр баянКыргыз Ала-ТооКыргыздардын тарыхыВирусКамсыздандырууАрхитектураЧагылганКаныбекЭкстремизмКыргызстан көмүр кендериЭнесай Кыргыз кагандыгыМектепке чейинки куракТоп жылдызРычагФергана тоо тизмегиТуруктуу сөз айкаштарыТаш дооруКыргыз Республикасынын Куралдуу КүчтөрүКулмырза менен Аксаткын1916-жылдагы тарыхый трагедиянын кыргыз адамынын дүйнө таанымына, көз карашына тийгизген таасириКүрөшКлеткаКыргыздын улуттук кийимдериЖоомарт БөкөнбаевАргындаштырууЖер тобундагы планеталарАминдерКомуз күүсүТукум куугучтукТок күчүАбсамат МасалиевКыргызстан алтын кендериОозул (стоматит)Ондук эсептөө тутумуИррационалдык санҮй-бүлө🡆 More