Оюнчулардын саны: 4—8 киши.
Оюнда бычактар колдонулат.
Катышуучулар бычактарын колго алышып, катарга тизилип турушат. Оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.
Оюнчулар кезектери келгенде, бирден бычактарын алыстыкка ыргытышып, жерге учтары менен сайылып түшүрүүгө аракеттенишет. Оюн каалаган убакытка чейин уланат. Бычакты алыстыкка сайылдырып ыргыткан оюнчу жеңүүчү болот.
Бир бирине жакын турууга, тоскоолдук кылууга, бычак ыргыткан тарапка турууга, бычакты башка жакка ыргытууга болбойт.
Күч тарбияланат, кыймылдарды так аткарууга үйрөтөт.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Урмай уруу, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.