Төө буурчак (Phaseolus) - өсүмдүктөрдүн чанактуулар (Febaceae) тукумунун уруусу.
Бир жана көп жылдык чөп.
Төө буурчактын сабагынын бийиктиги 50 см, жалбырагы үчилтик, гүлү ак, кызгылтым түстө. Уругу жумуртка же бөйрөк сымал. Kapa топурактуу кумай жерлерде жакшы өсөт. Суукка байымсыз (0°С температурада үшүк алат). Төө буурчак баалуу тамак-аш жана тоют катары колдонулат. Төө буурчактын данында 28-30% белок жана 2,0% май болот. Жашыл чанагында дүмбүл кезинде 15-17% белок, 2%ке чейин кант жана A, Bj, С, Р витаминдери болот. Дүмбүл чанагынан консерва жасалат. Төө буурчактын 150дөн ашык түрү Азия, Африка, Американын тропик жана субтропигинде кезигет. Анын 20 түрү - эгилме өсүмдүк. КМШ өлкөлөрүндө (Украина, Грузия, Молдавия, Түндүк Кавказ, Орто Азия, Ы. Чыгыш ж. б.), Кыргызстанда Талас өрөөнүндө эгилет.
«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Төө буурчак, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.