Сынчыл ой жүгүртү - эмнеге ишенүү керек же кандай чара көрүш керек деген чечимге багытталган рационалдуу, аңдап түшүнүү менен жүрө турган ой жүгүртүү.
Ал жөндөмдүүлүктү да, шыкты да өзүнө камтыйт.
Сынчыл ой жүгүртүү маалымат алуудан башталып, чечим кабыл алуу менен аяктай турган татаал ой жүгүртүү процесси болуп саналат. Сынчыл ошондой жүгүртүүнү калыптандыруунун жана өнүктүрүүнүн илимий негизи катары окутуунун иш-аракеттик теориясы кызмат кылат. Сынчыл ой жүгүртүү башка бардык окуу иш-аракеттериндегидей эле үч негизги курамдан (баскыч) турат: 1. Козгоо, ынтызарлыкты пайда кылуу;
2. Ой калчоо аркылуу иш-аракеттин аткарылышы;
3. Иш-аракетти аткаруу процессине жана анын натыйжасына баа берүү (рефлексия).
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Сынчыл ой жүгүртүү, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.