Стиль (гр.— жазуу таякчасы деген сөзүнөн) — көркөм чыгарманын бүтүндөй идеялык-тематикалык системасынан (идея, тема, образ, сюжет, тил) көрүнүүчү көркөм биримдик, башкалардан айырмалап турган өз алдынчалык.
Стиль түшүнүгү жазуучунун дүйнөгө болгон көз карашы, анын тилинин, турмушту чагылдыра билүү ыкмасынын ар түрдүүлүгү менен айырмаланат. Өзүнүн стили жок жазуучу адабий чөйрөдө көпкө жашай албайт, жазуучу үчүн эң негизги нерсе — өз стилин табуу. Эгер көркөм метод бүтүндөй бир мезгилдеги жазуучулардын чоң тобу үчүн таяна турган принциптерди белгилеп, жалпылаштырып берсе, стиль ошол методдогу толуп жаткан жазуучулардын өзгөчөлүктөрүн жекелештирип берет. Ошондуктан айрым адабиятчылар стилди методдун конкреттүү көрүнүшү деп эсептешет.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Стиль, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.