Сезим жана сезимталдуулук (англ. Sense and Sensibility, орус.
Тасманын сценарийин актриса Эмма Томсон жазган. Ал эми тасмада Эмма Томсон Элинор Дешвуддун ролун жана Кейт Уинслет Элинордун сиңдисинин ролун аткарышат. Тасма ак сөөктөр жашаган бай англис Дэшвуд үйбүлөөсүнүн кыздары күтүүсүз келген жокчулук көйгөйүн кантип чечүү керек деген жүйөлөрүн баяндайт. Алар каржылык көз-карандысыздыкка жетүү үчүн турмушка чыгууга аргасыз болушат. Ал эми Хү Грант менен Алан Рикмен алардын сүйүктүүлөрүнүн ролдорун аткарышкан. Тасма 1995-жылы,13-декабрда Кошмо Штаттарда жана 1996-жылы Улуу Британияда көрсөтүүгө берилген.
Тасма чыгаар замат жалаң гана жакшы сын-пикирлерге ээ болуп, ийгилик жараткан. Ошондой эле 1995-жылдагы "Британия Киносыйлыктарын Тапшыруу Аземинде" 3 сыйлыкты жеңип, он бир наамга көрсөтүлгөн. Ал "Оскар" сыйлыгынын "Эң мыкты тасма" жана "Эң мыкты актриса" сыяктуу жети сыйлыгына көрсөтүлгөн. Тасманын сценарийин жазгандыгы үчүн Томсон "Эң мыкты адаптацияланган сценарий" наамын утуп, бир эле учурда аткаргандыгы жана сценарий жазгандыгы үчүн "Оскар" сыйлыгын уткан жалгыз адам болгон. "Сезим жана сезимталдуулук" тасмасынын чыгышы, Остиндин чыгармаларынын кайрадан жандануусуна салым кошуп,бул жанрдагы чыгармалардын тартылышына жол ачкан. Бул тасма Остиндин китептеринин эң мыкты адаптацияланышы деп аталат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Сезим жана сезимталдуулук, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.