Плазмодийлер (лат.
Плазмодийлерди безгек чиркейи (негизги ээси) - анафлекстер алып жүрөт. Ал жаныбарды чакканда (канын соргондо) шилекейи менен Плазмодийлердын спорозоиди кан тамыр эндотелийине же боор клеткаларына өтөт. Ал жерде жыныссыз көбөйүп (шизогония), бир ядролуу майда көптөгөн клеткаларды – мерозоиттерди пайда кылат. Мерозоиттер ткандарда жыныссыз көбөйүүнү бир нече жолу кайталайт же канга өтүп, эритроцитке кирип, ал жерде да шизогония жүрөт. Мында гамонттор пайда болот; эритроциттер бузулат. Алар чиркей кан соргондо ичегисине кирип, макрожана микрогаметаларды пайда кылат. Гаметалар кошулуп, зиготага, ал чиркейдин карын капталы аркылуу өтүп, ооцистага айланат. Плазмодийлердин ооцистасында 10 миңге чейин спорозоиттер пайда болуп, андан кийин ал жарылып, спорозоиттер чиркейдин дене көңдөйүнө чыгат, андан гемолимфа агымы менен шилекей безине келет. Чиркей жаныбар жана кишинин канын соргондо алар аралык ээсине жугат. Плазмодийлердин 60тан ашык түрү белгилүү. 4 түрү кишиде мителик кылат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Плазмодийлер, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.