Огуз

Огуз, огуздар - орто кылымдардагы Борбордук Азия аймагын жердеген түрк тилдүү эл.

Алардын бир бөлүгү 9-кылымдан тартып батышка ооп, Кавказ, Кичи Азия, жакынкы Чыгыш аймактарын басып киришкен.

Аларга чыгышта коңшу болгон тогуз-огуз уруулар биримдиги (конфедерациясы) 8-кылымдын башында көөнө орхон жазмаларында да эскерилген.

Огуздар болсо Борбордук Азиянын чордондук жана батыш өңүрүн ээлеп, бул аймактарда жана батыштагы өздөрү басып алган аймактарда бир катар мамлекеттерди (анын ичинде Улуу Селжук дөөлөтүн) негиздешкен.

Огуздар тууралуу өзгөчө мол маалыматты 11-кылымдагы түрк элдеринин чыгаан окумуштуусу Махмуд Кашгари калтырган.

Кашгаринин жазышынча, батыштагы түрк калктарынын басымдуу бөлүгүн түзгөн огуздар чыгыш түрк элдеринин баарын "чигил" деп жалпылап аташчу.

Махмуд Кашгари 24 огуз уруусунун аталышын көрсөтөт.

Бир катар түрк калктарынын санжыраларында Огуз-хан (Огуз каган) алардын эң байыркы бабаларынын бири катары көрсөтүлгөн.

Огуз тилинин диалекттеринин негизинде кийинчерээк түркмөн, түркиялык түрк, азербайжан, керкуктук (ирактык) түркмөн, кашкайи жана башка батыш түрк тилдери калыптанган.


Пайдаланылган адабияттар:

1. Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк: Мектеп окуучулары үчүн. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы Редакциясы, 1990. 113 б. ISBN 5-89750-028-2
2. Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук/ Башкы редактор Орузбаева Б. Ө./ - Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Т.4. 155-157 бб.


- - - -

Tags:

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

ОшКызыл алма (тасма)Кыргыз элчиликтериБиоценоздогу организмдер байланышыСинтаксисБасмачылыкЭки миң сомЧүкө оюндарыПедагогикаЭмгекХанафий мазхабыКемтик сүйлөмТүркмөнстанКыргыз оюм чийимдериКыргыз Советтик Социалисттик РеспубликасыУлуу жибек жолуКоомАнтропогендик факторлорБорбордук нерв системасыПланетаСайтМуктар АуэзовТемирКыргызстан тарыхыБиринчи майҮндөштүкИлимТарыхДыйканчылыкТүштүк АзияЭтишКедейкан (эпос)ФосфорУкук бузууФразеологизмНерв тутумуТабигый ресурстар, жaратылышЩелочтуу металлдарЖарым өткөргүчТүлөбердиев ЧолпонбайКыргыз элинин көркөм өнөрчүлүгүТүштүк ЕвропаБектурсун АлымовЖарандык укукИшеналы АрабаевМолдо НиязҮндүү тыбыштарБиотехнологияБишкек чебиОюнИррационалдык санАлай тоо кыркасыЮпитерХундарИнтеллектСөзСыдык уулу ОсмонаалыШарКыргызстандын райондоруКургак учукОлжоКол өнөрчүлүкТаң алдында (роман)ТопуракТуруктуу сөз айкаштарыКоёндор жапайыКүн атмосферасыАйлана-чөйрө«Манасчылар»Жаратылышты коргооКасым ТыныстановНарын облусу1930Токтогул ырчыАфрикаКен байлыктар🡆 More