Наманган - Өзбекстандагы шаар.
Наманган вилоятынын административдик борбору. Фергана өрөөнүнүн түндүк-батышында, Чаткал жана Курама тоолорунун этегинде жайгашкан. Республиканын борбору Ташкенттен 305 км. Калкы 428,0 мин (2010). Калкынын саны боюнча өлкөдөгү 2-шаар. Темир жол бекети. Өзбекстандын ири индустриялуу борбору. Жеңил (пахта тазалоочу жана башка), текстиль (накта жибек атластары; өлкөдө чыгарылган кездеменин 15%и), тамак-аш (май, консерва, шарап чыгарылат, пиво кайнатылат) өнөр жай ишканалары, химиялык, трансформатор, машина куруу заводдору иштейт. Университет, 2 институт, 10 коллеж, театр, край таануу музейи жана башка бар. 15-кылымдын аягынан белгилүү.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Наманган, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.