Корпус (латынча corpus – дене, бир бүтүн) – түрдүү мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн кургактагы аскерлеринин жалпы аскердик жогорку бирикмеси.
Кызыл Армияда 1919-ж. атчан аскерлер, 1921-ж. аткычтар Корпусу түзүлгөн. Улуу Ата Мекендик согуш (1941–45) мезгилинде Кызыл Армияда аткычтар, атчандар, артиллериялык, абадесант, авиация, механикалашкан жана танк Корпустары болгон. Азыркы Корпустар, мисалы, АКШнын армиялык Корпусу штабдан, бөлүктөрдүн түрдүү кызмат топторунан, 2–4 жана андан да көп дивизиядан (анын 1-2си бронетанкалык) куралып, согуш убагында талаа армиясынын курамында да, өз алдынча да аракеттене алат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Корпус, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.