Кайенна – Француздук Гвиананын административдик борбору, шаар.
Кайенна дарыясынын Атлантика океанына куйган жерде жайгашкан. Калкы 68,9 миң (2008; агломерациясында 100 миңден ашык). Деңиз порту [жылына 650 миң т (сыртка негизинен консерваланган креветка, ром, жыгач чыгарат; 2006) контейнер терминалы]. Эл аралык аэропорту бар.
К. 1643-ж. француздар Ла-Равардье деген ат менен негиздеген. 1777-жылдан азыркыдай аталып, шаар статусуна ээ. 1817-ж. толугу менен Франциянын карамагына өткөн. 18-кылымдын аягы. 20-кылымдын 1-жарымынан саясий сүргүнгө айдалчу жер катары пайдаланып келди. Колониялык доордун курулуштары (креолдордун үйлөрү) сакталып калган. Институттар (анын ичиндеПастердин, Гвиана илимий-изилдөө), Гвиана Антил университетинин филиалы, китепканалар, музейлер бар. Шаардагы эмгекке жарамдуу калктын 85% тейлөө чөйрөсүндө эмгектенет. Ром өндүрүлөт. Тамак-аш (деңиз продуктуларын консервалоо), жыгаччылык өнөр-жай ишканалары иштейт. Жыл сайын январдан апрелге чейин дүйнөдөгү эң ири карнавалдардын бири өткөрүлөт. Кайеннадан 50 км алыстыкта Куру космос борбору жана космодрому (1968; Франция юрисдикциясында турат) жайгашкан.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Кайенна, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.