Каафирун сүрөсү (арабча: سورة الكافرون, Каапырлар) — Курандын 109 сүрөсү.
Меккелик сүрө болуп, алты аяттан турат.
Бул сүрө качан каапырлар Мухаммед пайгамбарды өзөрүнүн кудайчаларына сыйынууга үндөгөндө түшкөн (Каапырлар “Бир канча убакыт биз сенин кудайыңа сыйыналы, анан бир канча убакыт сен биздин кудайыбызга сыйын” дешкен).
Каафирун1 сүрөсү
Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен
1. Айткын2: "Эй, каапырлар!
2. Мен силер сыйынган нерселерге сыйынбаймын3,
3. Силер дагы мен сыйынганга4 сыйынбайсыңар,
4. Дагы да - мен силер сыйынган нерселерге сыйынбаймын,
5. жана да силер мен сыйынган (Аллахка) сыйынбайсыңар.
6. Силердин диниңер - өзүңөр үчүн, а менин диним - өзүм үчүн5".
1 Каафирун - Каапырлар
2 Эй, Мухаммед!
3Курейш каапырлары Мухаммед (САВ)га: "Сен биздин кудайларыбызга бир жыл, биз сенин кудайыңа бир жыл сыйыналы", - дегенде Аллах Таала ушул айатты түшүргөн
4Аллах Таалага
5 Акыркы айаттан ачык көрүнгөндөй, "дин" деген сөз ишенимди да, ага тушташ жашоо мүнөзүн да камтыйт. Ошентип, "динсиз" деген сөз "жашоо мүнөзү жок" дегенди да билдирет
Которгондор:Абдышүкүр Исмаилов, Дүйшөн Абдылдаев, Садибакас Доолов, Садык Гавай
Текшергендер:Кимсанбай Абдурахманов, Камил Абжапаров
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Каафирун сүрөсү, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.