Жоржоне – италян живописчиси, венеция мектебинин өкүлү, Улуу Кайра жаралуу доорунун искусствосун негиздегендердин жана граждандык станоктук живописти жаратуучулардын бири.
1505-жылга чейинки чыгармаларында (“Бадачылардын сыйынышы”, Вашингтон, Улуттук искусство гал.; “Мадонна Ыйык Франциско жана Либералий менен”, Кастельфранко собору; “Юдифь” ж. б.) өзүнө мүнөздүү өзгөчөлүктөр (дүйнөдөгү эмгек адамы ж-дө айтуу, адам күчүн көрсөтүү жана башкалар) көрүнө баштайт. Ж. кийинки чыгармаларында (“Уйкудагы Венера”, Дрезден гал., “Кыштактагы концерт”, Лувр, Париж ж.б.) живописти жаңы ыкмалар менен байыткан. Бул чыгармаларында сүрөтчүнүн эң башкы темасы – жаратылыш менен адамдын ортосундагы гармониялык биримдик таасын көрсөтүлгөн. Ж-нин көркөм табылгаларын замандаштары жылуу кабыл алган, анын чыгармачылык салттарын окуучусу Тициан өз чыгармачылыгында өнүктүргөн.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Жоржоне, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.