Жест тили – туюнтуу, билдирүү мүмкүнчүлүгү тыбыштык тилдер сыяктуу акустикалык негиз, акустика-артикуляциялык базага таянуу менен ишке ашпастан, паралингвистикалык кинетикалык ишаарат аркылуу маалымат алмашууну жөнгө салуучу коммуникативдик система.
Жест тили дүлөйлөрдүн өз ара баарлашуусун тескөөчү негизги, атүгүл жападан жалгыз каражат. Бирок ал вербалдык баарлашуу кырдаалында да маалыматты толуктоочу, адамдын психологиясын, эмоционалдык абалын туюнтуучу каражат катары колдонулуу мүмкүнчүлүгүнө ээ экендиги да талашсыз.
Тыбыштык тилден Жест тилинин негизги айырмачылыгы – алардын маалымат берүү, маалымат алмашуу каражаттарынын ар түрдүүлүгүндө. Жест негизинен, колдун кыймылы аркылуу аткарылат жана ал жестикулятордук компонент деп аталат. Мындан сырткары Жест тили мануалдык эмес компонентке кирген көзкараш, беттин көрүнүшү, баштын, дене-бойдун кыймылы сыяктуу компоненттер аркылуу да берилет.
Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Жест тили, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.