Жатындан кан агуу - түрдүү гинекологиялык ооруларда (жатындын шишиги, жатын кошумчасынын өнөкөт сезгенүүсү), бойдон козголгондо, ошондой эле жалпы организмдин кээ бир ооруларында (кан уюунун бузулуусу менен коштолгон кан оорусу) болот.
Жатындан кан көп жана аз (бир аз булгаган) агышы мүмкүн. Кан көп келгенде өмүргө коркунуч туудурат. Мындай учурда тезинен медициналык жардам чакыруу керек. Жатындан кан агуу айрым убакта этек кир келген убакытка туура келип (Этек кир цикли) калышы мүмкүн. Бирок эң көп жана уюган кан түрүндө келет. Кээде кан анча көп кетпегени менен узакка (10—12 күнгө чейин) созулуп, этек кир аралыгындагы убакыт кыскарат же баш аламан беймаал келет. Кээде бойго бүтпөй эле этек кир кечиккенде да кан көп кетет. Мындай кан агуу жатындын функциясынын бузулушуна байланыштуу болуп, жыныстык жетилүү жана климакс мезгилинде болот. Жатындан кан агуунун себебин өз убагында (эрте) табуу аны туура дарылоого мүмкүндүк берет. Эгерде этек кир токтогондон бир нече жылдан кийин кан келсе тезинен врачка кайрылуу керек. Жыныстык жетилүү мезгилинде кыздардын ден соолугуна көңүл буруп, этек кир жөнүндө түшүндүрүп, кан келгенин уялбай энесине билдирүүсүн түшүндүрүү зарыл. Ошондо гана этек кир циклинде болгон патологиялык өзгөрүүлөрдү өз убагында врачка билгизүүгө болот.
Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Жатындан кан агуу, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.