Жалал-Абад минерал суулары — Жалал-Абад облусунун аймагында газдуулугу, ион-туздуулугу жана микрокомпоненттүүлүгл менен өзгөчөлөнгөн минералдуу сууларга бай.
Минералдуу суу ресурстарынын көбү деңиз деңгээлинен 1000 м бийиктикке чейинки аймактарда терең бургаланган көзөнөктөр аркылуу ачылган. Минералдуу суулардын классификациясы боюнча мындагы минералдуу булактар 2 провинцияга бөлүнөт: азот же метан менен газдашкан, сульфаттуу, хлориддүү, гидрокарбонаттуу, натийлүү натрий-кальцийлүү жана аралаш минералдуу суулары; метан менен газдашкан күкүрт суу тектүү, туздуу минералдуу суулар. Бул минералдуу суулар палеоген менен неогендин чөкмө тектеринде пайда болот.
Күкүрт суутектүү (сульфиддүү) суулар адатта составында Н2S 10 мг/л ден ашкан палеоген жана неоген чөкмө тектер комплексинде пайда болгон, газ жана мунай кендери менен парагенезистик байланышта болгон минералдуу суулар. Бул суулар синклиналдык структуранын жуулбаган терең бөлүгүндө "көмүлүп" метаморфизмделип калган байыркы деңиз суулары катары каралат. H2Sтүү суулар химиялык курамы боюнча булар хлориддүү натрийлүү, кээде курамында минералдануусу 2-3төн 125г/лге чейин жана андан да ашык өзгөрүп калций өтө көп болот; көбүнчө жогорку температуралуу.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Жалал-Абад минерал суулары, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.