Дэвис Жон (1550-ж.
– 1605) – англиялык деңиз сүзүүчү. Арктиканы изилдеген. 1580-ж. 1-экспедициясын Арктикага жасап, Атлантика океанынын түндүк-батышында Тынч океанга өтүүчү өткөөлдү табууга аракеттенип, ал далалатын 1585-ж. кайталаган. 1586–87-ж. 2-экспедициясында Арктиканы Гренландиядан батышты карай изилдеп, кысык аркылуу (кийинчерээк анын атынан аталган) өткөн. Баффин кысыгын, Лабрадор жарым аралынын чыгыш жээгин, Гренландиянын батыш жээгин 73° түндүк кеңдикке чейин изилдеген. Фолкленд аралын көргөн алгачкы европалык адам болгон (1592).
“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Дэвис Жон, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.