Гоминьдан - (кытайча улуттук партия) – Кытайдагы саясий партия; Президент Юань Шикайдын бийлигин чектөө, Кытай Республикасын чыңдоо максатында 1912-ж.
Сунъ Ятсен тарабынан негизделген. 1913-ж. Юань Шикайдын согуштук диктатурасы орногондон кийин, Гоминьдандын иштөөсүнө тыюу салынган. 1921-ж. түзүлгөн Кытай компартиясы (ККП) менен бириккен. 1931-жылдан Чан Кайши жетектеген Гоминьдан Кытайдын башкаруучу партиясына айланган. 1927-ж. Чан Кайшинин тарапкерлери Чыгыш жана Батыш, андан кийин Борбордук Кытайда төңкөрүш жасап, ККП түзгөн революциялык базаларга 5 жолу жортуул уюштурган. 1946-ж. ККП башкарган куралдуу күчтөрдү жок кылуу үчүн башталган граждандык согуш Гоминьдандын жеңилиши менен аяктаган. 1949-ж. 1-октябрда Кытай Эл Республикасы түзүлгөндүгү жарыялангандан кийин, Чан Кайшинин тарапкерлери Америка куралдуу күчүнүн жардамы менен Тайвань аралына өтүп, Гоминьдан башкаруучу партияга айланган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Гоминьдан, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.