Элдик көркөм кол өнөрчүлүктө жасалуучу, турмуш-тиричиликте колдонмо-жасалга катары пайдаланылуучу нерселер, мүлктөр, эмеректер.
Уста-усталардын жекече чыгармасы, чеберчиликте узанып - узданып жараткан нускалары жана үлгүлөрү. Көркөм буюм жаратуу — ал өнөр. «Буюм-тайым», «буюм-терим» деп айтыла берет да, ал (утилитардуу колдонмолук-жасалгалык жана уникалдуу (өтө көркөм, чанда көрүнө турган) мааниге ээ болот. Демек, буюмдун жупунусу колдонмо, коозу жасалга катары жашайт. Ушундан улам колдонмо-жасалга өнөрү келип чыккан. Азыр бирикмелерде жана турмуш-тиричилик комбинаттарда эки максатты тең көздөп, утилитардык мааниге ээ болгон буюм - сувенирлер чыгарылууда. Бир эле буюмду көркөмдөп да, жупунулап да кармоого болот. Андай бөтөнчөлүктөр устанын жана уздун өнөр дараметине байланышат. Ал эми азыркы курулуп, архитектуралык өзгөчөлүктөрү бар бөлмөнүн ичинен белекке берилген буюм-тайымдар өзүнө-өзү орун табат да, ошол эле тапта ал кооздукту да ыроолоп турат.
Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. |
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Буюм, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.