Мунара Бурана

Бурана – Караханийлер дооруна таандык тарыхый-архитектуралык эстелик, мунара.

Чүй өрөөнүндөгү Токмок шаарынан 15 км түштүк-батышта, Дөңарык айылынын чыгышында жайгашкан. Мунара Жетисуудагы түрктөргө ислам тарала баштаган мезгилде, 10-кылымдын аягы–11-кылымдын башында курулган.

Мунара Бурана
Бурана мунарасы.
Мунара Бурана
Ичиндеги айланма тепкич.

Бышкан кыш менен төрт бурчтуу пайдубалга сегиз кырдуу түптөлүп, цилиндр түрүндө тургузулган мунара чептин ичинде жайгашып, сырткы бети оймо-чийме менен кооздолгон, ичинде жогору карай буралып чыгуучу тепкичтер орнотулган. Бийиктиги 14 м, түбүнүн диаметри 9 м, төбөсүнүкү 6 мге жакын.

Мунара кайрак ташка чегилген жазуу жана ал Баласагундук мыйзамчы имам Мухаммадга коюлгандыгы тууралуу орто кылымдагы тарыхчы Мухаммед Хайдардын эмгегинде эскерет. Бурана Борбордук Азиядагы мунара архитектуралык эстеликтеринин эң байыркысы.

Мунара Кыргызстандын аймагындагы курулуш өнөрүнүн жогорку деңгээлде өнүккөндүгүн далилдейт. Бурананын айланасында курулуштун калдыктары, чеп дубалдар бул жерде бир мезгилде Баласагун шаары өкүм сүргөндүгүн ырастайт. 13–14-кылымдарда шаар өзүнүн жашоосун токтоткон. 1971–76-жылдары Бурана оңдолуп, калыбына келтирилген.

Колдонулган адабият

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
  • “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
  • “И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”
  • “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”.
  • “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”

Интернеттик шилтемелер

http://www.kyrnatcom.unesco.kz/culture/burana.htm

Tags:

Жети-СууКараханийлерТокмокЧүй өрөөнү

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

БелокШамалАбдылас МалдыбаевМанас эпосунун тарыхый өнүгүшүнүн негизги этаптарыКыргызстанКарышкырларКыргызстандагы таш дооруУлуу БританияGoogleБоз үйСейтек эпосуСолтоноев Белек Солтонкелди уулуКыргыз музыкасыХайду мамлекетиМидин АлыбаевАлюминийАнатай ӨмүркановЖоомарт БөкөнбаевКызыл кыргыз тарыхыСуутекХХ кылымдын гомериКыргызстандын чек араларыКыргыз аттарыШилекей бездериБүбүсара БейшеналиеваБелок структураларыЖер-суу реформасыЭэрчишүүЫсык-Көл облусуКылмышДан өсүмдүктөрүТөрөтСарыкӨтмө мааниИлбирсСалык саясатыКыргызстандын шаарларыАстрономияМамлекетКыргыз ССРинин КонституциясыКосмосКурманжан ДаткаОй жүгүртүүБайыркы РимМуун (лингвистика)СуюктукКөлөмГаздардагы электр разряды«Манасты» которууЖаргак шымЫсык-Көл мамлекеттик коругуИнсанАрстанбек Буйлаш уулуЧүкө оюндарыЭмгекТелескопКоёндор жапайыПлантаторМайрамдарОмор Султанов“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясыЖумушсуздукБир өңчөй мүчөУйгур кагандыгыКыргыз ашканасыЮпитерЖасалма интеллект деген эмне?Суу, суутек оксидиЭлектрКыргызстандагы шамал режимиДаван мамлекетиСиреньКомуз күүсүЖайИшеналы Арабаев«Манас» эпосунун жаралышы жана анын дооруТаштандыларды жок кылууЖунгар хандыгыТоголок Молдонун чыгармалары🡆 More