Бозучук минералдуу суусу дарыланууга жарамдуу ысык суу булактары.
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда, Каракол шаарынан 30 км чыгыш тарапта, Тескей Ала-Тоонун түндүк капталындагы Бозучук суусунун өрөөнүндө, деңиз деңгээлинен 2200 м бийиктикте жайгашкан. Суу жергиликтүү элге илгертеден белгилүү. Булак борбордук бөлүгү граниттерден түзүлгөн антиклинорийдин түндүк капталындагы тектоникалык жарака аркылуу жер бетине чыгат. Булактардын дебити 1,72 л/сек. Химиялык курамы, физикалык касиети боюнча аз минералдашкан (0,8 г/л), азоттуу (99%), сульфат-хлорит-натрий-кальцийлүү арашан сууларына кирет. Суунун темп-расы 28-30°С. Түссүз жана даамсыз, бир аз күкүрттүү суутек жыттанат. Курамында литий, стронций ж. б. бар. Суудагы биологиялык активдүү компоненттер: эркин түрүндөгү СО2 (7 мг/л), H2S (7 мг/л), кремний кислотасы (38 мг/л) жана радон (43,9 эман). Б. м. с. дарычылык касиети боюнча белгилүү Кулдур (Хабаров крайы) минералдуу суусуна окшош. Суу менен муун, таяныч органдарын, нерв, ашказан, тери жана гинекология ооруларын дарылоого болот. Жергиликтүү эл пайдаланат.
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. |
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Бозучук минералдуу суусу, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.